Жаңылыктар

26.07.2024 15:50

   Кароолор: 282

ОШ: НООКАТТА ДАН ЭГИН ЖЫЙНООДОГУ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСКЕРТИЛДИ

Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу, бүгүн Ноокат райондук ӨКБ тарабынан Гулистан айыл аймагынын Арал айылында эгин талааларында кылкандуу дан-эгиндерин оруп жыйноодо өрт коопсуздугун сактоо, алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Быйылкы жылга район аймагында жалпысынан 16900 га кылкандуу дан эгиндери эгилип, оруп жыйноого 12 комбайн тартылган. Бүгүнкү күнгө карата 5000 га, тактап айтканда

Кулатов, Бел, Көк -Жар айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндери жыйналып бүткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу