Жаңылыктар

30.06.2024 09:41

   Кароолор: 244

ОШ: НООКАТА СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

 

Кэчээ, 29-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактарда ӨКМ изилдөө жүргүздү.

🔺Анда, сел суулардын каптоосунун негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

Аномалдуу жаан чачындын жаашы;

Узак жылдардан бери чоң көлөмдөгү сел процесси катталбагандыктан Апшыр-Сай дарыясынын жээктеринде жана нугунда бак дарактардын өсүүсү жана дарыянын жээктерин эс алуу үчүн тапчандардын баш аламан курулуусу;

Көмүр карьерге өтүүчү көпүрөнүн сел суу өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болуусу.

🔻Изилдөөнүн жыйынтыгында болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюу жана кырсыктын алдын алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана Ноокат райондук администрациясына төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:

1. Ички чарбалык жолдорду атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү;

2. Ички чарбалык Арис менен биргеликте 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоп түзөө, жээктерин бекемдөө;

3. Авариялык абалга келген таза суу түтүкчөсүн калыбына келтирүү;

4. Сел ширендилерине каптаган турак жайларды, социалдык обьектилерди тазалоо боюнча тиешелүү иш чараларды аткаруу.

№37 Жол тейлөө мекемесине төмөндөгү иш чараларды аткаруу сунушталат:

1. Тез аранын ичинде Т.Кулатов-Апшыр-Сай унаа жолундагы эрозияга учураган жана сел калдыктарга жарым жартылай толгон участкаларын атайын техниканын жардамында калыбына келтирүү, чаап тазалоо;

2. Капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж унаа өтүүчү көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, суу кирүүчү жана чыгуучу тараптарын бекемдөө;

3. Толугу менен агып кеткен №1 көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен жаңыдан унаа өтүүчү көпүрө куруу;

Райондук электр тармактар ишканасына тез аранын ичинде сел агызып кеткен электр мамыларын калыбына келтирүү .

Кызыл-Кия көмүр ачык акционердик коомуна Апшыр-Сай дарысына курулган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор (техникалык чечимдин) негизинде сел өткөрмө (селепропускник) куруу иш чараларды аткаруу иштери сунушталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу