Жаңылыктар
26.02.2025 17:04
Кароолор: 2229
ОШ: НООКАТ РАЙОНУНУН ТӨӨЛӨС АЙЫЛЫНДА СЕЛДЕН 15 ТУРАК ҮЙ КОРГОЛОТ
КР ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-мерчемине ылайык, Ош облусунун аймагында сел жүрүү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштери уланууда.
Иш чаранын алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Толман айылында ӨКМден инженердик техника бөлүнүп берилип, анын жыйынтыгында айылдын 15 турак жай, 10 га үлүш жер, 1 мазар , 1 мечит селден корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР