Жаңылыктар

24.01.2025 12:27

   Кароолор: 404

ОШ: НООКАТ РАЙОНУНУН БОРБОРДУК БАЗАРЫНДА ӨРТТҮК-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук ӨК бөлүмү 2025-жылга карата бекитилген машыгуулардын планынын негизинде 24-январда Ноокат районунун Борбордук базарында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрдү.

Машыгуу учурунда өрттү өчүрүү, адамдарды эвакуациялоо жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришип, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Иш-чарага райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышып, соодагерлерге жана жергиликтүү тургундарга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Машыгуунун негизги максаты – өрт кырсыктарынын алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарда кызматтардын ыкчам жана координацияланган аракеттерин өркүндөтүү, ошондой эле калктын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу