Жаңылыктар
06.05.2024 19:09
Кароолор: 569
ОШ: НООКАТ —КАРА-БУЛАК ЖОЛУ ЖАБЫК
Бүгүн, 6-май күнү саат 17:00 чамасында Араван районунун Достук айыл аймагынын Кара-Булак айылына баруучу ички чарбалык жолун Кара-Булак дарыясынын ташкыны 30 метр аралыгын жеп кеткен
(Ноокат — Кара-Булак жолунун 24-чакырымы).
Алдын ала маалымат боюнча жалпы Араван районунун Достук айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы 6 турак үйү, Ноокат районуна караштуу Исанов башталгыч мектеби жана Исанов айыл аймагынын Кара-Булак айылынын 5 үйү жолсуз калышты. Учурда автоунаа өтүүчү жол жабык, жөө адамдар өтүүгө болот.
Араван райондук администрациясы Жарандык коргонуу кызматтарына саат 19:00дө ыкчам штаб өткөрдү.
Белгилей кетсек, ушул эле жолду 2024-жылдын 21-апрелде сел алып, Араван районунун Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланып калыбына келтирилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР