Жаңылыктар

07.05.2024 18:18

   Кароолор: 182

ОШ: НООКАТ — КАРА-БУЛАК ЖОЛУ ТАЗАЛАНУУДА

Кечээ, 6-май күнү саат 17:00 чамасында Араван районунун Достук айыл аймагынын Кара-Булак айылына баруучу ички чарбалык жолун Кара-Булак дарыясынын ташкыны 30 метр аралыгын жеп кеткен (Ноокат — Кара-Булак жолунун 24-чакырымы).

Мындан улам жалпы Араван районунун Достук айыл аймагынын Кара-Булак айылындагы 18 турак үйү, Ноокат районуна караштуу Исанов башталгыч мектеби жана 5 үй жолсуз калышты. Учурда автоунаа өтүүчү жол жабык, жөө адамдар өтүүгө болот.

Араван райондук администрациясы Жарандык коргонуу кызматтарына саат 19:00дө ыкчам штаб өткөрдү.

Белгилей кетсек, ушул эле жолду 2024-жылдын 21-апрелде сел алып, Араван районунун Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланып калыбына келтирилген.

Аталган аймакта селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырмалар Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов жана КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич тарабынан коюлду.

Кара-Булак айылына баруучу жолду калыбына келтирүү үчүн погрузчик , экскаватор , автосамосвал тартылды. Ошондой эле аталган аймакка суу каптоодон коргоочу дамба куруу пландалды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу