Жаңылыктар
06.07.2024 11:46
Кароолор: 1027
ОШ: МИНКАБ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ Б. ТӨРӨБАЕВ НООКАТ ЭЛИНЕН КАБАР АЛДЫ
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ноокат районунда орун алган сел кырсыктарынан жабыркаган турак жайлар, дарыялардын жээктеринин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Орун алган кырдаал жана аткарылып жаткан жумуштар менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов маалымат берди. Селдин кесепеттерин тез арада жоюу боюнча тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын айтып, Абшыр-Ата айылынан жайлоого чейинки аралыктагы жол саат 16:00дө ачыларын маалымдады.
Мындан сырткары чет мамлекеттен келген гуманитардык жардамды таркатуу үчүн түзулгөн райондук комиссиясынын төрайымына жана жергиликтүү комиссияга өткөрүлүп бергендиги маалымдалып, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатканы белгилүү болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев сел кырсыгынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет тараптан көңүл буруларын баса белгилеп, ички чарбалык жолдорду, ички көпүрөлөрдү, таза суу түтүктөрүн тез арада калыбына келтирүүнү тиешелүү тармактарга тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР