Жаңылыктар
31.03.2026 19:15
Кароолор: 1
ОШ: МИНИСТР ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ ЖАНА ТОКОЙ КЫЗМАТТАРЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гидрометеорология жана Токой кызматтарынын абалы менен таанышты.
Иш-чарада аба ырайын божомолдоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери каралды.
Министр адистер менен жолугуп, жумуштун сапатын жогорулатуу жана ыкчам аракеттерди күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мындан сырткары, токой чарбаларынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, токой өрттөрүнүн алдын алуу, жаратылышты коргоо жана калыбына келтирүү багытында милдеттер коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР