Жаңылыктар

26.09.2024 16:13

   Кароолор: 282

ОШ: МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ПРАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

“5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан №27 XXIV партсъезд орто мектебинде өзгөчө кырдаалдар катталган учурда коопсуз жайга эвакуациялоо, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ошондой эле башкармалыктын өрт-куткаруу бөлүмүндөрүндө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөдүн кызматы жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле окуучуларга "101" жана "112" өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондору эскертилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу