Жаңылыктар
29.09.2023 16:13
Кароолор: 469
Ош: Медицина кызматкерлерине өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
“5-октябрь — кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” КР ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облустар аралык тери-венерология борборунда өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлерине электр жабдыктарын, газ баллондорду колдонуудагы өрт коопсуздугун ошондой эле алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын оң абалда болуусу тууралуу нускамалар таратылып, алгачкы өрт өчүрүү шаймандар менен колдонуу, өрт өчүрүү автоунаалардын мүнөздөмөлөрү менен тааныштырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР