Жаңылыктар
10.02.2025 16:52
Кароолор: 138
ОШ: МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙЛАРДА АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
ӨКМ алдындагы Өрт көзөмөл кызматы тилсиз жоонун алдын алуу чараларын күчөтүлгөн тартипте улантууда. Аталган кызматтын өкүлдөрү ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жумуш алып барып жатышат.
Кара-Кулжа районунун аймагында жайгашкан РСК, Кыргыз Мунай, РЕД Петролеум май куюучу жайларын , ошондой эле өрт коркунучу жогору объекттерди биргелешип текшерүү боюнча иш планы бекитилген. Анын алкагында өрт коопсуздугун камсыздоо аракетинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР