Жаңылыктар
04.05.2024 12:51
Кароолор: 272
ОШ: КЫЗЫЛ-СУУ ДАРЫЯСЫНДА ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ҮЧ ЖАШАР БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районун Ылай-Талаа айылындагы, Кызыл-Суу дарыясына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш баланын сөөгү Кызыл-Суу дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт архивден.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОБОР