Жаңылыктар
02.12.2024 14:39
Кароолор: 221
ОШ: КЫШКЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасын аткаруу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы шаар аймагындагы турак-жай ээлерине кышкы мезгилдеги өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга электр жабдууларын туура пайдалануу, мештерди коопсуз колдонуу жана өрт коркунучунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилүүдө. Бул иштер калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана өрт кырсыктарын болтурбоо максатында атайын түзүлгөн пландын негизинде аткарылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР