Жаңылыктар
15.09.2023 17:37
Кароолор: 96
Ош: Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу өз колубузда!
КР ӨКМ Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу биздин колубузда!” урааны астында жөө жүрүш өттү.
Иш-чарага өздүк курам менен кошо мектеп окуучулары, мугалимдер, ички иштер кызматкерлери жана катардагы жарандар катышты.
Соңунда окуучуларга “Коопсуз мектеп” темасында ачык сабак өтүштү. Сабакта кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, эвакуациялоо, техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана башка коопсуздук эрежелери тууралуу айтып беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР