Жаңылыктар
23.09.2024 15:39
Кароолор: 648
ОШ: КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮНӨ КАРАТА МАШЫГУУЛАР ӨТҮҮДӨ
ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган 5-сентябрдан 5-октябрга чейинки бир айлыктын алкагында Ош облусунун аймагында атайын сабактар өтүүдө.
Бүгүн иш-чаранын алкагында Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай районунун билим берүү мекемелеринде өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин, өрт өчүрүүчү каражаттарын колдонуу ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР