Жаңылыктар

14.11.2023 17:52

   Кароолор: 909

ОШ: “КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ААЛАМЫ” ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Бүгүн кыргыз тилин өнүктүрүү максатында жарыяланган үч айлыктын алкагында элибиздин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган атайын иш-чара өткөрүлдү.

“Кыргыз тили жана Чынгыз Айтматов ааламы” аталышындагы маданий иш-чарага ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын курамы катышышты.

Эне тилге байланышкан салтанатта адабий көркөм окуу, элибиздин үрп-адаттары, каада-салттары көрсөтүлүп, кыргыздын маданиятына, көөнө тарыхына байланышкан көргөзмө уюштурулду.

Бул багытта өткөрүлгөн майрамдык иш-чара өздүк курамдын кызыгуусун туудуруп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу