Жаңылыктар
06.11.2024 16:13
Кароолор: 344
ОШ: КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ӨРТ КЫРСЫГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
ӨКМдин Кара-Суу райондук жана Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан күз-кыш мезгилинде өрт кырсыгы келип чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги, айыл жерлеринде мешти туура пайдалануу, электр жылыткычтарды туура колдонуу жана өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-чаранын максаты – күз-кыш айларындагы өрткө кооптуу мезгилде адам өмүрүн сактоо, өрттөн келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу, калктын өрт коопсуздук эрежелери тууралуу маалыматын жогорулатуу болуп саналат. Мындай аракеттер өлкөбүздүн баардык аймагында өткөрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР