Жаңылыктар

17.01.2025 17:23

   Кароолор: 605

ОШ: КУТКАРУУЧУЛАР ТООЛУУ ШАРТТА МАШЫГУУ ӨТКӨРҮШТҮ

Бүгүн Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы куткаруу машыгуусун өткөрдү. Ага куткаруучулар, практиканттар жана Тез жардам кызматынын өкүлдөрү катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө, бутунан жаракат алган жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге жеткен ыкчам топ жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, атайын шаймандардын жардамы менен аны тоодон түшүрүштү. Андан соң ал Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул машыгуу куткаруучулардын тоолуу аймактарда иш алып баруу тажрыйбасын өркүндөтүүгө, ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатууга жана куткаруу иштерин коопсуз жүргүзүүгө багытталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу