Жаңылыктар

26.04.2025 15:02

   Кароолор: 401

ОШ: КУТКАРУУЧУЛАР ТООДО КЫРСЫКТАГАН ӨСПҮРҮМДҮ ТҮШҮРҮШТҮ

Бүгүн, 26-апрелде Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылына жанаша жайгашкан тоодон 17 жаштагы Б. С. аттуу өспүрүм кулап жаракат алган. Окуянын кесепетинен жабырлануучу буту сынып, башынан жараланган.

Кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Алай райондук №68 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу чыгып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Куткаруучулар өспүрүмдү тоодон түшүрүшүп, андан ары "Тез жарадам" кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришти.

Учурда жабырлануучу тиешелүү медициналык мекемеге жеткирилген.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу