Жаңылыктар
17.11.2023 14:01
Кароолор: 607
ОШ: КУТКАРУУЧУЛАР БЕКИЛИП КАЛГАН ЭШИКТИ АЧЫП БЕРИШТИ ҮЙДҮН ИЧИНДЕ 2 ЖАНА 4 ЖАШАР БАЛДАР БОЛГОН
Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Батирдин ичинде 2 жана 4 жашар балдар болгон.
Жерине келген куткаруучулар тобу 4-кабаттан 3-кабатка терезе аркылуу кирип эшикти ачып, балдарды ата-энесине өткөрүп беришти. Балдар медициналык жардамга муктаж эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары балдардын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР