Жаңылыктар
26.10.2023 11:18
Кароолор: 481
ОШ: КУРУЛУШ ИШТЕРИ ЖҮРҮП ЖАТКАН КӨП КАБАТТУУ ҮЙДҮН ЛИФТИНЕН 1 АДАМ КУТКАРЫЛДЫ
Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен ылдыйга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жерине жеткенде 1994-ж.т. А.Г. аттуу жумушчу иш кылып жатып, 1-кабаттан имараттын жертөлөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Куткаруучулар жабыркаган адамды "тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР