Жаңылыктар

11.07.2025 17:16

   Кароолор: 51

ОШ: КУРШАБ БАЗАРЫНДАГЫ ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 11-июль күнү саат 12:43тө Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылындагы базардын ичиндеги “Миң Түркүн” дүкөнүндө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө №103 жана №53 өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылып, Ош облустук башкармалыгынан подполковник Т.Чекиров башында турган ыкчам топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер дрону менен, тез жардам кызматынын, райондук электр тармактарынын жана ИИМдин кызматкерлери иш алып барды. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1200 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Саат 14:30да өрт курчоого алынып, үзгүлтүксүз аракеттердин натыйжасында саат 17:10до толук өчүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу