Жаңылыктар

19.10.2025 16:34

   Кароолор: 268

ОШ: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан ири өрт саат 16:00дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Мындан сырткары жерине кошумча ИИМ кызматкерлери жана тез жардам кызматтары иш алып барган.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу