Жаңылыктар

08.05.2025 11:09

   Кароолор: 89

ОШ: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Бүгүн Ош шаарынын С.Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 10:08де Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган.

Өрт 10:46 чектөөгө алынып, 12:18де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу