Жаңылыктар

23.04.2025 11:45

   Кароолор: 326

ОШ: КООПТУУ АЙМАКТАРДЫ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

2025-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы жана министрликтин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Беш-Конууш участкасында 30 гектар аянтка экме токой отургузуу иштери башталды.

Иш-чаранын алкагында жалпысынан 18 000 даана ар түрдүү көчөттөр – карагай, ак кайың жана кайрагач отургузулууда. Айлана-тегерек зым тосмолор менен толук курчалып, көчөттөрдүн коопсуздугу камсыздалмакчы.

Бул иш-чара “Жашыл мурас” долбоору жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кабыл алынган республикалык деңгээлдеги мерчемге ылайык уюштурулуп, дарыя жээктерин жана кооптуу тилкелерди эрозиядан сактап калуу максатын көздөйт.

Экме токой отургузуу иштери Ош облусунун башка райондорунда да улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу