Жаңылыктар
03.04.2024 12:34
Кароолор: 622
ОШ: КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАНДАРГА КӨЧҮҮ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында азыркы учурда жер көчкү кооптуулугу бар аймактарда жашаган жалпы 1597 турак жай бар.
Аталган аймактык тургундарына жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы тарабынан тургундарга кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүү берилди.
Белгилей кетсек, коопту аймактарда жашаган жарандарга ӨКМ тарабынан жыл сайын кооптуу аймактан көчүү боюнча эскертүүлөр берилип келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР