Жаңылыктар

24.10.2025 22:43

   Кароолор: 217

ОШ: КАРА-СУУДА ИМАРАТТЫН КУРУЛУШУНАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Ош облусунун Кара-Суу районунун Падаван айылында курулуп жаткан имараттан өрт чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына маалымдалган.

Кырсык тууралуу билдирүү түшөр замат өрттү өчүрүүгө Кара-Суу райондук №102 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Күчөтүлгөн тартипте кошумча иш алып баруу максатында, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты иштеген.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 19:50дө толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн аянты 144 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу