Жаңылыктар

19.06.2025 16:56

   Кароолор: 318

ОШ: КАРА-СУУ ШААРЫНДА ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн саат 16:06да Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Ак-Өргө көчөсүндө турак жайлардын биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:09да Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 15:15те жана 15:21де 2 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылды.

Өрт өчүрүүчүлөр кырдаалды көзөмөлгө алып, өрт чыккан үйдөн газ баллонун өз убагында алып чыгып, андан ары жарылууну болтурбоого жетишишти. Өрт саат 16:07де чектөөгө алынды. Жабыркагандар жок.

Өрттүн кесепетинен кошуна жайгашкан турак үйдүн чатыры жана жеке менчик бала бакчанын ашканасы зыян тартты. Өрт учурунда бала бакчада болгон 87 бала өз убагында эвакуацияланып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу