Жаңылыктар
17.05.2024 12:13
Кароолор: 378
ОШ: КАРА-СУУ РАЙОНУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАКТАР ӨТТҮ
Бүгүн,17- май күнү КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу району боюнча бөлүмү тарабынан Кара Суу районуна караштуу Датка айыл аймагынын Маданият айылындагы № 19 Т.Мусаев атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык сабактар өттү.
Алгач билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү жана куткаруучулар тартылып, имараттагы мектеп окуучуларын коопсуз жайга эвакуциялап, күйүк алган окуучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.
Өздүк курам тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге өрт өчүрүү шаймандары жана техникалар тууралуу маалыматтар айтылып, өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги эскертилиди. Иш-чарага жалпы 300 окуучу жана 23 мугалим катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР