Жаңылыктар

04.09.2023 10:03

   Кароолор: 859

Ош: Кара-Суу районунда чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 2:02де Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Кошумча саат 2:30дан тарта штаб жана 4 күжүрмөн эсеп, тактап айтканда 5 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 2:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Кырсыктын кесепетинен 1000 чарчы метр турак үйдун чатыры, үй буюмдары, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы толук күйгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу