Жаңылыктар
25.04.2025 10:03
Кароолор: 378
ОШ: КАРА-СУУ БАЗАРЫНДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу базарында өрт тактикалык машыгуусу өткөрүлдү.
Машыгуу шарттуу түрдө базардын аймагында чыккан өрттү өчүрүү сценарийи боюнча уюштурулуп, ага эки өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Өрт тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин унаалар 6 мүнөт ичинде келгенине карабастан, базардын ичиндеги соода катарларында коюлган нормалар сакталбагандыктан жана жолдор тарып кеткендиктен, өрт катталган аймакка жана суу алуу үчүн арналган водоёмго жетүү мүмкүн болгон жок. Бул абал өрт коопсуздугун камсыз кылууда соода түйүндөрүнүн ички инфраструктурасы талаптарга жооп бериши керектигин жана өрт өчүрүүчү кызматтар үчүн жеткиликтүүлүктүн камсыздалышы зарылдыгын дагы бир ирет тастыктады.
Машыгуу учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери базар администрациясынын өкүлдөрү жана соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аларга өрт чыккан учурдагы эвакуация эрежелери, тез жардам көрсөтүү жана өрт өчүрүү кызматтарына тоскоолдук жаратпоонун мааниси тууралуу маалымат берилди.
Машыгуунун негизги максаты — өрт чыккан учурда ыкчам аракет көрүү, тиешелүү кызматтардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу жана калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.
ӨКМ мындан ары да калк көп топтолгон жайларда мындай иш-чараларды өткөрүп, коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерин уланта берет.
https://www.facebook.com/mchs.gov.kg/videos/585510554536271