Жаңылыктар

22.04.2025 10:10

   Кароолор: 667

ОШ: КАРА-КУЛЖАДАГЫ ТАР ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН 8 ЖАШТАГЫ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесинде Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөөгө бүгүн, 22-апрелде жалпы 116 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 20-апрель күнү Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала түшүп кеткен. 22-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6, жалпы 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 100 болуп, баардыгы 116 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу