Жаңылыктар

02.01.2025 12:19

   Кароолор: 550

ОШ: КАРА-КУЛЖАДА “ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ” АЛЫНДЫ

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында таза суу берүү калыбына келтирилип, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал режими” алынды.

Мындай чечим Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысынын 2025-жылдын 2-январындагы №01-12/1 буйругунун негизинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 18-декабрындагы №01-19/651 буйругунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына "Өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу