Жаңылыктар
21.11.2024 15:00
Кароолор: 332
ОШ: КАРА-КУЛЖАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ БОЛУП ӨТТҮ
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кечээ май куюучу жайда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн куткаруучулары өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Сценарийге ылайык май куюучу жайда өрт болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 101ге түшөрү менен райондук ӨК бөлүмүнүн №66 ӨККБдөн күжүрмөн эсеп, 1 КАМАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүү унаасы, ПИКАП үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу унаасы тартылды. Өрт толугу менен 10 мүнөттө курчоого алынган.
Өрттүн натыйжасында май куюучу жайдын 5 кызматкери эвакуацияланып коопсуз аймакка чыгарылды. Автоунаанын ичинде калып, жаракат алган 2 адамды куткаруучулар алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Өрт-тактикалык машыгууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн тышкары кошумча Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн 15 кызматкер, коомдук сактоо кызматынан 1 бригада (5кызматкер), медицина кызматынан 1 бригада (2 кызматкер) чыкты.
Машыгуу жай куюучу жайда коопсуздук эрежелерин так сактоо, өрт кырсыктарынын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР