Жаңылыктар

07.12.2024 18:09

   Кароолор: 195

ОШ: КАРА-КУЛЖА — САРЫ-БУЛАК ЖОЛУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ТҮШТҮ

Бүгүн саат 17:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Жабыркагандар жок. Учурда унаалар Шаркыратма айылы аркылуу өтчү айланма жол менен жүрүүдө.

Жеринде ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.

Бул аймакта 2022-жылдын 14-июнунда жер көчкү кооптулугу жогору болгондуктан ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыккан. Жерине Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзгөн.

Эртең, 8-декабрь күнү №26 ЖТИ тарабынан техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча маалымат берилет.

(сүрөт интернеттен алынды)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу