Жаңылыктар

24.11.2024 14:16

   Кароолор: 1288

ОШ: КАНАЛИЗАЦИЯ КАЗЫП ЖАТЫП, ТОПУРАК АСТЫНДА КАЛГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Ош шаарында Амир Темур кичи районунун Х. Абдуллаев көчөсүндө канализация өтүүчү жерди казып жатканда 2006-жылы туулган А.Н. аттуу (эркек киши) топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112 кызматына түшкөн

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак астынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Дарыгерлердин айтымында абалы орто.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу