Жаңылыктар
17.01.2025 12:48
Кароолор: 705
ОШ: КАМПАДАН ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан чыккан өрт 09:26да чектөөгө алынып,12:20да толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, өрт тууралуу маалымат түшөрү менен саат 08:44дөн баштап өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана дрон тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР