Жаңылыктар
22.07.2024 11:00
Кароолор: 541
ОШ: КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Бүгүн, 22-июль күнү Кара-Суу районунда сел калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 16 инженердик техника, 28 куткаруучу, 30 кызматкер, жарандарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Кечээ, 21-июль күнү саат 22:20да Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында катталган катту жааган жамгырдан Кара-Кой Калдай айылынын Мундарча жайлоосуна кетчүү ички чарбалык жолунун 28-чакырымына кокту колоттордон сел кыяндары түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Турак жайлар жана эгин таалаларга ошондой эле ички чарбалык көпүрөлөр оң абалда.
Жерине Ноокат райондук №71 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылып, саат 01:17де унаа жол бир тараптуу ачылган.
Бүгүн, 22-июль күнү тазалоо иштери уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР