Жаңылыктар
27.06.2024 01:21
Кароолор: 562
ОШ: ИРИ ӨРТ ТҮНКҮ СААТ 1де ТОЛУК ӨЧТҮ
2024-жылдын 26-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан "Алтын" кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:20да Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 авто шаты, саат 17:25те №13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:35те Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:41де №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 18:15те Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Жалпы 7 бөлүм, 1 авто шаты иш алып барган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 чарчы метр түзгөн.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР