Жаңылыктар
21.02.2024 09:26
Кароолор: 694
ОШ: ИРИ ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ
Ош шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 05:24тө Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан саат 05:35те 1 бөлүм, саат 05:53тө №85 ӨКБдан 1 бөлүм жана штаб тартылган.
Кошумча саат 05:56да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бѳлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.
Өрт саат 06:22де чектөөгө алынып, саат 09:16да толук өчүрүлдү.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР