Жаңылыктар

20.11.2024 17:14

   Кароолор: 325

ОШ: ГҮЛЧӨДӨ ӨРТТҮН АЛДЫН АЛГАН ТАКТИКАЛЫК ОКУУ ӨТТҮ

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн 2024-жылга түзүлгөн планына ылайык бүгүн, 20-ноябрда Гүлчө айылында өрт-тактикалык окуу өткөрүлдү.

Тактикалык окуу Россия (АЗС) май куюучу жайында уюштурулуп, анда өздүк курамдын тилсиз жоону өчүрүүдөгү даярдыктары текшерилди.

Ошондой эле май куюучу жайга кайрылган айдоочуларга, жергиликтүү жарандарга өрттүн алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлүп, коопсуздук эрежелерин сактоо, кырсык катталган учурда көрүлүүчү алгачкы аракеттер, өрт кырсыгын болтурбоо жана ооздуктоого каршы чаралар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай практика кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жана алдын алууга өбөлгө болмокчу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу