Жаңылыктар
13.12.2023 13:08
Кароолор: 319
ОШ – ГҮЛЧӨ – САРЫ-ТАШ – ЭРКЕЧТАМ УНАА ЖОЛУНДА ТАЗАЛАНУУДА
Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында жааган кардын кесепетинен Катта-Талдык айыл аймагынын Кичик айылына жана Мады айылдык аймагынын Тээке жана Лаглан айылдарына баруучу ички чарбалык Бек-Жар – Кичик – Тээке – Лаглан унаа жолу саат 11:30да убактылуу жабылып, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
Жабылып калган ички чарбалык жолду ачуу үчүн 13-декабрда КР ӨКМ тарабынан 1 бульдозер бөлүнүп, Ош – Гүлчө – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 41-чакырымынан тарта тазалоо иштери жүрүүдө.
Керектелүүчү күйүүчү май Катта-Талдык жана Мады айылдык аймактары тарабынан камсыздалды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР