Жаңылыктар
06.05.2025 15:43
Кароолор: 66
ОШ: ГҮЛЧӨ ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН 3 ЖАШТАГЫ КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында алдын ала маалымат боюнча Гүлчө дарыясына 3 жаштагы Н.А. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине бүгүн, 6-майда Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Андан кийин кошумча дагы Алай райондук №68 ӨКБдан 15 куткаруучу, ИИМден 21 кызматкер, жергилииктүү тургундардан 10 адам, жалпы 50 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР