Жаңылыктар

27.11.2024 17:58

   Кароолор: 124

ОШ: ГАРНИЗОНУН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮ АРАСЫНДАГЫ СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 26-27-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын түзүлгөн күнүнө арналган спорттук иш-чаралар болуп өттү. Мелдеш Ош гарнизонунун күч түзүмдөрүнүн командалары арасында уюштурулуп, футбол жана волейбол боюнча өткөрүлдү.

Иш-чарага кичи футбол боюнча 9 команда, ал эми волейбол боюнча 12 команда катышып, эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды.

Кичи футбол боюнча:

• 1-орун: Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командасы;

• 2-орун: АРТ бригадасынын командасы;

• 3-орун: ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын командасы.

Волейбол боюнча:

• 1-орун: Асман чабуулунан коргонуу бригадасынын командасы.

• 2-орун: ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын командасы;

•. 3-орун: ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын командасы;

Эки күнгө созулган спорттук иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр отряддын командири подполковник М. Эргешов тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу