Жаңылыктар
18.06.2025 14:22
Кароолор: 305
ОШ: ДАН ЭГИНДЕРИН ОРУП-ЖЫЙНОО УЧУРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн, 17- июнда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо мезгилинде өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында алдын алуу иш-чаралары өттү.
Иш-чаранын алкагында айыл чарба иштерине тартылган техникалар, айрыкча комбайндардын техникалык абалы, өрт өчүргүч каражаттар менен камсыздалышы жана алардын ишке даярдыгы текшерүүдөн өткөрүлдү. Ар бир техниканын күйүүчү май менен иштөөсүндө коопсуздук эрежелерине ылайык колдонулушуна жана электр жабдыктарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан сырткары, комбайн айдоочулары жана дыйкандар менен өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт кырсыгы жаралган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча практикалык нускамалар берилди.
Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында 2025-жылдын январь–май айларында жалпы 139 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдар 30 миллион 417 миң 974 сомду түздү. Ал эми 2024-жылдын ушул мезгилинде 101 өрт катталып, чыгым 20 миллион 597 миң 88 сом болгон. Тилекке каршы, быйылкы жылдын беш айында өрт кырсыктарынан 2 адам каза тапкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР