Жаңылыктар

12.04.2024 15:55

   Кароолор: 276

ОШ: ЧУРКОО БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Бүгүн, 12-апрель күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо боюнча мелдеш уюштурулду.

Масштабдуу спорттук иш-чарага жаш курагына карабастан бардык спорт сүйүүчүлөр катышып, алардын арасында ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан куткаруучу Али Бөрүбаев да катышкан.

Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен активдүү ӨКМ куткаруучусу 2-орунду камсыздап, байгелүү кайтты.

Жеңишиң кут болсун, Али!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу