Жаңылыктар

19.07.2025 14:49

   Кароолор: 282

ОШ: ЧОҢ-АЛАЙДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА АТАЙЫН МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ош облусунун жарандык коргонуу боюнча 2025-жылга карата даярдык планынын алкагында, 2025-жылдын 16–18-июль күндөрү Чоң-Алай районунда өткөрүлгөн «Өзгөчө кырдаал катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана гуманитардык жардамды кабыл алуудагы аракеттери» темасындагы атайын машыгуу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Машыгууга жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишканалар, эл аралык гуманитардык уюмдар жана куткаруучу түзүмдөр активдүү тартылып, өз ара аракеттенүүнүн так механизми иштелип чыкты.

Машыгуунун экинчи этабы өзгөчө практикалык иштер менен коштолду. Атап айтканда:

• Жер титирөөдөн жабыркаган калк атайын уюштурулган чатырлар шаарчасына эвакуацияланып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү;

• Чоң-Алай айыл аймагындагы Кызыл-Суу дарыясынын оң жээгинде жээк эрозиясы жаралып, жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары менен 150 метр жээк бекемделди, натыйжада 55 турак жай жана чарбалык жолдор табигый кырсыктан корголду;

• Кыйраган имаратта калган жаран куткарылып, издөө-куткаруу иштери ыкчам жүргүзүлдү;

• Электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан шарттуу өрт кырсыгы убагында өчүрүлдү.

Бул иштерге куткаруу, өрт өчүрүү, медицина, милиция, энергетика жана санитардык көзөмөлдөө кызматтары тартылып, координацияланган аракеттердин негизинде кырдаал ийгиликтүү көзөмөлдөндү.

Машыгуунун негизги максаты — өзгөчө кырдаал шартында кызматтардын даярдыгын текшерүү, ыкчам аракеттерди практикалоо жана өз ара аракеттешүүнү бекемдөө болду.

Атайын машыгуу өз максатына жетти жана жарандык коргонуу системасынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө чоң түрткү берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу