Жаңылыктар
16.09.2024 10:50
Кароолор: 1176
ОШ: ЧОҢ-АЛАЙДА СЕЛ КАНАЛДАРДЫ ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдын 26-январындагы №52 буйругунун негизинде, Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагындагы Жар-Башы айылынын сел каналын тазалоо жумуштары башталды. Бул иштер “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө.
1000 метр аралыктагы сел каналын тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 экскаватор тартылган. Бул сел каналдарын тазалоо иштери айыл тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана келечектеги сел кырсыктарынын алдын алуу максатында аткарылууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР