Жаңылыктар
27.08.2024 14:10
Кароолор: 309
ОШ: ЧОҢ-АЛАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн Ош облусунун Чоң Алай районунун Чон-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылындагы борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгуунун жүрүшүндө атайын техниканын өтүүсүнө кирүүчү жолдордун абалы, эвакуациялоо жолдорунун жана авариялык чыгуулардын абалы текшерилди.
Жыйынтыгында соодагерлерге, кардаларга өрт коопсуздугу тууралуу нускама өттү. Ошондой эле бир катар кемчиликтер аныкталып, базар ээлерине эскертүүлөр берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР