Жаңылыктар
07.02.2025 11:14
Кароолор: 1233
ОШ: ЧЕК АРАДА 4 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:45те Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга (Кара-Тейит айылынан 19 чакырым түштүк батышта, Карамык айылынан 20 чакырым түштүктө) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР